Евразиялык эл аралык университетинде "Ачык эшик күнү": медицинанын келечегине карай

Токтогулдук мектеп окуучулары жана мугалимдер ЕМУда
Евразиялык эл аралык университет Токтогул районунун (Жалал-Абад областы) абитуриенттери үчүн эшиктерин ачты. "Ачык эшик күнү" иретинде бүтүрүүчү класс окуучулары жана алардын мугалимдери өлкөдөгү эң заманбап медициналык университеттердин биринин инфраструктурасын, илимий базасын жана клиникалык мүмкүнчүлүктөрүн таанышты.
Илимге чумкуу: виварийден Пирогов столуна чейин
Экскурсия унверситеттин дизайн, искусство жана туризм кабинеттеринен башталып, морфология корпусу жана виварий менен уланды. Коноктор клиникага чейинки изилдөөлөрдүн жүрүшүн көрүштү, ошондой эле жаныбарларга илимий операцияларды байкашты. Заманбап лабораториялар жана жогорку технологиялуу жабдуулар окуучулардын кызыгуусун арттырды — алардын көбү медицинадагы илимий ишти ичинен биринчи жолу көрүштү.
Андан кийин коноктор окуу аудиторияларына жана илимий китепканага барып, адамдын денесин изилдөө үчүн 3D-технологияларды колдонгон Пироговдун анатомиялык столуна кызыгып көрүштү. Университеттин мугалимдери келечектеги врачтарды даярдоодо цифралык технологиялардын ролү жөнүндө баяндап беришти.
Университеттин клиникасы: иш жүзүндөгү медицина
Кезектеги экскурсия университеттин акыркы үлгүдө жабдылган клиникасына болду. Коноктор чыныгы медициналык процедураларды көрүштү, врачтар жана студенттер менен сүйлөшүштү, ошондой эле заманбап диагностика жана дарылоо ыкмалары жөнүндө билишти.
Кызматташтыктын перспективалары
Иш-чаранн соңунда университеттин жетекчилиги менен жолугушуу болуп, абитуриенттерди даярдоо, кесип таануу жана региондун билим берүү мекемелери менен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
"Биз өзүбүз да студент кезибизде болгонбуз, бирок окуу процессинин ушундай деңгээлде уюштурулушун жана жабдылганын биринчи жолу көрүп жатабыз. Бул жер жогорку класстагы адистерди даярдоо үчүн бардык шарттарды камсыздаган!" — деп бөлүштү мугалимдер таасири менен.
Евразиялык эл аралык университет медицинанын заманбап билимдеринин борбору катары абройун чыңдап, жөндөмдүү жаштар үчүн ачык. Университеттин эшиктери алдыңкы кесиптердин ээси болгусу келгендер үчүн ар дайым ачык!