Kahoot интерактивдүү викторина оюну

Kahoot интерактивдүү викторина оюну

2024-жылдын 25-апрелинде Евразия эл аралык университетинин окуу жана практикалык даярдоо бөлүмүнүн башчысы М.М.Эшимбекова Kahoot интерактивдүү викторина оюнун уюштурду.


Викторинанын өтүүчү жери: Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы ооруканасы, Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти – ЕМУнун клиникалык базасы.
Викторина оюнунун максаты: Оюндун катышуучуларынын көңүлүн кургак учук көйгөйүнө жана анын алдын алууга буруу.
Милдеттери:
- Оюндун катышуучуларынын кургак учук жана оорунун алдын алуу жолдору тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүү;
- викториналык оюндун катышуучуларынын арасында сергек жашоонун приоритеттерин калыптандыруу.
Викторина оюнунун катышуучулары: Евразия Эл аралык университетинин жана Эл аралык медициналык университетинин студенттери.
Викторина оюнунун жыйынтыгы боюнча GME-1-20s тобунун студенттери EMU: Kharwal Lokesh жана Venkatashivareddy Harsha экинчи жана үчүнчү орунду ээлешти.