I Эл аралык симпозиум «САЛТТУУ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВО ЖАНА ЭТНОДИЗАЙН»

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызпатент” колдоосу менен, салттуу музыканын 20 жылдыгына жана 27-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк дизайн күнүнө арналган “САЛТТУУ МУЗЫКАЛЫК ИСКУССТВО ЖАНА ЭТНОДИЗАЙН” I Эл аралык симпозиуму өткөрүлдү.

Салттуу музыка жумалыгында “Евразиялык Эл аралык университети” окуу жайы этномузыка таануучуларын, маданият, ошондой эле мода, искусство жана дизайн тармагындагы адистерди чогултуп, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жана колледждеринин студенттерин бириктирди.

Аталган симпозиумга Кыргыз Республикасынын Дизайнерлер союзу, Сүрөтчүлөр союзу, Казакстандын Евразия дизайнерлер союзу аттуу коомдук бирикмелердин, ошондой эле алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн: Россия, Түркия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кытай ж.б. өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарага И.Раззаков атындагы КМТУ, И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы ОСПО, И.Раззаков атындагы КРСУ. Б.Ельцин, И.Арабаев атындагы КМУ, «КЕДИС» колледжи, Инновациялык кесиптер институту, Сыдыков атындагы Көркөм академиясы, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ОшМУ, Ош технологиялык университети сыяктуу Кыргыз Республикасынын алдыңкы ЖОЖдорунун дизайнерлери катышышты.

Б.Бейшеналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жаш таланттарынын аткаруусундагы салттуу музыканын коштоосунда дизайнерлердин чыгармачылык иштеринин дефиле-шоусу болуп өттү.

Бул аянтча илимпоздорго, дизайнерлерге, сүрөтчүлөргө, усталарга жана эксперттерге илимий изилдөөлөрүн, чыгармачылык идеяларын жана сунуштарын айкалыштырууга мүмкүнчүлүк түздү.

Симпозиумдун жыйынтыгында Кыргызстанда салттуу музыкалык искусствону жана көркөм дизайнды өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алынып, мындан аркы ишмердүүлүктүн максаттары жана милдеттери иштелип чыкты. Ошондой эле, тийиштүү Бюллетень чыгарылып, ар түрдүү ЖОЖдор жана коомдук уюмдар менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Files